www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусуна кирип-чыгуу боюнча киргизилген чектөөлөр жалпы алгоритмге туура келбей жатат. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, облустук ыкчам штаб чечимин кайра карап чыгат.

Эске сала кетсек, Ысык-Көл облусунун ыкчам штабы 4-майдан баштап бул регионго кирип-чыгууга тыюу салуу боюнча чечим кабыл алган.  

Аймак тургундары жүйөлүү себептер менен гана башка региондорго барууга, райондук, мамлекеттик администрациялардын жана Каракол, Балыкчы шаардык мэриялары тарабынан берилген өткөрмө уруксат кагаздарынын негизинде чыгары айтылган.

Мындан сырткары, кайра облус аймагына кирген учурда жарандар милдеттүү түрдө экспресс-тест же ПЦР-анализ тапшыргандыгы жөнүндө маалым кат көрсөтүшү керек болгон.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көл аймагында коронавируска кабылган тургундардын саны 10го жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости