www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жалпы суммасы 764,900 АКШ долларына “В” классындагы 13 даана "Тез жардам" унаалары алынганы буга чейин кабарланган.  Анын бири Ысык-Көлдүн Боом капчыгайында бузулуп калганы белгилүү болгон.

Министрлик жаңы сатып алынган "Тез жардам" унаасынын бузулушу боюнча түшүндүрмө берди.

"ГАЗ "Соболь" 4х4 үлгүсүндөгү "Тез жардам" унаасы бөлүнгөн аймакка, тагыраагы, Ысык-Көл облустук аймактык ооруканасына жеткирилмек. Боом капчыгайынан техникалык мүчүлүштүк жаралып, унаа бузулуп калган. Окуя болгон жерге жеткирүүчү компания тарабынан механиктер тобу барышкан. Учурда унаа Чолпон-Ата шаарына токтотулду. Адистердин кароосунан кийин кошумча маалымат берилет", - дешти мекемеден.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости