www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысырапкорчулуктан баш тартуу...

Саналуу күндөрдөн кийин окуу жылы аяктайт. Салтка айланып калгандай, бул баягы классташтардын 10 жылдык, 20 жылдык деген шаан-шөкөттөрү менен коштолот эмеспи. Майрамдык кечени уюштурууга бир топ акча кетери белгилүү.

Бирок окуучулук кезди эстеп, бир чер жазышып алууга не жетсин дегендер арбын экени талашсыз. Ал эми быйылкы 20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн арасынан кочкорлук туугандар өзгөчөлөндү.

Дегеним, Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылындагы орто мектебин 20 жыл илгери бүтүргөн кластташтар ортого акча чогултушуп, аны майрамга эмес колдоого муктаж айылдашына үй салып берүү эп көрүшкөн. Мындан беш жыл мурун унаа кырсыгына кабылган Жолдошбек мырза каргашалуу кырсыктан кийин 3 жыл төшөктө жатып, жакында гана өз алдыча баса баштаган. Чогулган 400 миң сомго үй тургузуп беш балалуу үй-бүлөгө кубаныч тартуулоо менен жаштарды ысырапкорчулукка жол бербөөгө чакырган аталган айылдын бул бүтүрүүчүлөрүнө алкыш!

Булак: "egemen.kg"

Последние новости