www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эртең, 9-июнда ЮНЕСКОнун баш директору Одри Азуле Кыргызстанга болгон иш-сапарынын алкагында Улуттук тарых музейине келет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Анда ал ЮНЕСКОнун тизмесине кирген адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын Репрезентативдүү тизмесине кирген “Көк бөрү – салттуу ат оюну” (2017-ж), “Ак-калпак жасоо боюнча салтуу билимдер жана ыкмалар” (2019-ж Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: мурастын кайра жаралуусу, маданий көп түрдүүлүктүн майрамы (2021-ж) багыттары боюнча сертификаттарды расмий тапшырат.
Салтанаттуу иш- чарада буга чейин ЮНЕСКОнун тизмесине кирген адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын Репрезентативдүү тизмесине кирген материалдык эмес маданий мурастарынан турган композициялык көргөзмө сунушталат.
Аталган иш- чара “Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жөнүндө” эл аралык Конвенциянын кабыл алынышынын 20 жылдыгына карата өтөт.
Иш- чара Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде саат 11:00 башталат.
Булак: NazarNews.kg