www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Орусияда болгон кандуу окуя тууралуу тараган видеодо башка бир улут өкүлү ал жердегилерди "чөөлөр" деди... Менимче бул биздин азыркы улуттук жүзүбүзгө берилген туура баа. Чычалашабыз мүмкүн, бирок, биз чынында эле чөөбүз. Мисалы азыр көчө мушташында жигиттердин көпчүлүгү өз маселелерин жекеме жеке чечишпейт. Мындай пикирин белгилүү журналист Зайырбек Ажыматов, өзүнүн социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.
"Бирөө капа кылса классташтарын, досторун, айылдаштарын ээрчитип келет. Жаатташкан жигиттер бирин-бири тааныбаса деле мушташып, жыгылып калгандарды эч уялбай эле баарылап тепкилеп салышат. Негизи эле азыр бардык тармакта чөөлөр алдыңкы планга чыгып, анан да өздөрүн арстан, жолборс, кабылан, шумкар сезип жүрүшкөнүн угуп, көрүп киргенге тешик таппай каласың. Көчөдө, базарда, саясатта, маданиятта, жооптуу кызматтарда, а тургай ушул фейсбукта деле ошондой. Мисалы гүленчинин катачылыгын айтсаң анын, эрдоганчынын кемчилигин айтсаң анын, путинчиге тийишсең анын, Атамбаевге сын айтсаң анын, Жээнбековго сын айтсаң анын, депутаттардын же ажылардын кемчилигин айтсаң алардын "чөөлөрү" ырылдап чыгышат. Моюнга алалы, азыр бизде сырттандык сапат өтө сейрек учурап калды. Биз чөөлөрдүн өлкөсүбүз! Ашыкча кетсем кечирим сурайм... Баарыбызда бала бар. Видеодон бөтөн эл, бөтөн жерде канжалап жаткан илмейген балдарды көрүп жаным кашайып кетти...", деген пикирин билдирет Зайырбек Ажыматов.
Булак: NazarNews.kg