www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилей кетсек, 16-июнда Москвада такси айдаган кыргызстандык жаран автоунаасын башкара албай, жол четинде турган бир нече адамды сүзүп, кырсыктан жети киши жабыркаган.
Кыргызстандык айдоочу 28 жаштагы Чыңгыз Анарбек уулу суракта спирттик ичимдик ичпегенин жана буга чейин жол эрежесин бузбаганын социалдык тармактарда тасмадан көрүүгө болот. Болуп өткөн окуя, кыргызстандыктарды кайрадан "оор" үшкүрттү.
Белгилүү журналист, акын Зайырбек Ажыматов Орусиядагы жараныбызга үн кошуп, Фейсбуктагы баракчага өзүнүн пикирин жазды.
"Эй, акмак коррупционерлер, силер өлкөнү курутуп, Кумтөрдү, ТЭЦти, Тарых музейин, айтор, кызарган жердин баарын тытмалап жей берип, карапайым калк балдарын багам деп чет жерлерде жыйырма сааттап уктабай иштеп, кечээки Москвадагы кирекеч жигиттей ар кандай кырсыктарга кабылып келет... Силер мамлекетти талкалап коюп кантип уялбай тирүү жүрөсүңөр? Жок дегенде бирөө жарымыңар өзүңөрдү өзүңөр атып же асып салгылачы... Миллиондогон кыргыздын кусуру уруп, жүз муунуңарга чейин каргышка калдыңар го... Өзүңөр жыргап жүргөнүңөр менен бала-чакаңардын, келечек урпагыңардын ырыскысын жеп албадыңарбы..., деп жазган белгилүү журналист Зайырбек Ажыматов.
Булак: NazarNews.kg