www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Заман кайда баратат! Итти тиштеген киши тишсиз калды

Өз иттерин куткаруу үчүн, ротвейлер породасындагы ажаан итти тиштей коем деген жаран тишсиз калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, окуя 9-февраль күнү Англиянын шаарларынын биринде болгон. Анда 55 жаштагы Мартин Флетчер эки ити — Бен жана Жерри менен сейилдип жүргөндө аларга ротвейлер породасындагы ажаан ит кол салган.

Бен менен Жеррини  ротвейлер талап жатканда,  ага чыдабаган Мартин ажаан иттин кулагын тиштеп, анын оозундагы иттерин куткарып калууга аргасыз болгон.

Мартин окуядан соң тиштери түшүп калганын байкаган эмес. Качан гана ветеринарга кайрылып, иттерин дарылоого 800 фунт (73 миң сом) короткондон кийин гана  байкаган.

Ал эми, ротвейлердин ээси окуя болгон жерден дароо качып кеткендиктен, полиция аларды дагы деле издеп жатат деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости