www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Так азыркы тапта ким-кимге кошулуп, эртеси ажырашып кетет бул турган кеп. Ага кыргызстандыктар таң калбай деле калды. Бүгүндөн баштап биздин маалымат агенттик, “ким кайда кетип, кимдин колун кармап жымыйды” окурмандарды кабардар кылып турабыз.

Анда эмесе баштадык. Эми белгилүү, “чимкирик” эмес депуттарды байкап көрөлү! Алсак Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Искендер Гаипкулов менен Улукбек Ормонов, “аябай” депутат болгусу келген “балбан”, “жоон билек”, “спортсмен” Мелис Турганбаев күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого “Замандаш” партиясы менен аттаныша тургандыгын уктук. Бул тууралуу “күбүр-шыбыр” такталбаган маалыматты ишенимдүү булактар билдирди.

Дегенибиз менен “Замандаш” тарапта, “Кыргызстан” партиясын түптөгөн “Шаршенбек Абдыкеримов менен партия лидери Канат Исаевдин ортосун кара мышык аралап эки айрылыш жолго түшүптүр. “Кыргызстан” партиясынын катарынан Талайбек Масабиров, Азизбек Турсунбаев жана Кубанычбек Нурматов аталган партияга тизмеге кирбей калып, партиядан чыгып кетти” деген сөз тарап, биздин редакцияга жетти.  

Чын бышыгын тактоо үчүн “Кыргызстан” саясый партиясындагы ишенимдүү булактарга “кулак түрсөк”, “Шаршенбек Абдыкеримов менен партия лидери Канат Исаев бири-бирине жылмайып сүйлөп, сылык-сыпайы ынтымактуу эле шайлоонун үгүт иштерине кызуу даярдык жүрсө, жогорудагы аты аталгандар эч кандай партиядан кетишпей эле, учурда “Кыргызстан” партиясынын штабында парламенттик шайлоого “болтоюп, болпоюп” билек түрүнө даярдык көрүп жатышат экен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости