www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Замандаш” саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов чет жерде эмгектенген Кыргызстандык  мекендештер  менен иштөөнү күчтөө максатында, ушул тапта Россия Федерациясында  жолугушууларды  өткөрүүдө.

Алгачкы жолугушуу Москва шаарында орун алды. Кезигүүнүн негизги максаты чет жерде жүргөн Кыргызстандык жарандардын көйгөйлөрүн угуу жана аларды чечүү жолдорун талдоо болуп саналат. Жолугушуу жылуу маанайда өтүүдө. Мекендештерибиз өздөрүнүн ойлору менен бөлүшүп, “Замандаш” партиясына жана лидерине болгон терең ишенимди билдиришти.

“Замандаш” саясий партиясы мигранттардын курамынан чыгып, элдик партия болгондуктан, биз бүгүн да сырттагы мекендештер менен иштөөнү приоритеттүү деп эсептейбиз", деп белгиледи Жеңиш Молдокматов өз сөзүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости