www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналисттик иликтөөдө адамдын абийирине шек келтирилбейт. Жеке турмушуна кийлигишпейт жана бир тараптуу каралабайт. Мындай пикирин журналист Замир Казакбаев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

"Бүгүн дагы бир материалдын үзүндүлөрүн көрүп алып, абдан кейидим. Муну материал деп атаганга деле болбойт. Бир чунак баланын аксакалды кекетип-мокотуп атканын көрүп, унчукпай коё албадым. Бөрк ал десе баш алат деп ушундайды айтат. Улут деградациясын ачыктаган, далилдеген, анысы аз келгенсип, аны жар салган акмактар көбөйдү!

Мамбет Мамакеев деген тирүү легенда да. Кыргыз медицинасын түптөгөндөрдүн бири ушул киши да. Миңдеген адамдын өмүрүн сактап келе жаткан дарыгер. Кыргыз эл баатыры, академик, профессор. А Ыдырыс деген чунак ким? Эки сүйлөмдүн башын бириктире албаган тантык да.

Моюнга алыш керек кемчиликти. Халтуранын да чеги болот. Сен адегенде адабий тилде сүйлөгөндү үйрөн, үкөм!  Китеп оку. Экинчиден, 100гө чыкканы калган карыянын маңдайына отуруп алып маймыл болгонуң уят. Иликтегичиң иштеп, тынгысы келбей атса, клиниканы иликтебейсиңби? Маңдайына барып алып, наадандык менен албууттугуңду көрсөтпөй. 

Иликтегенди билбесең, өзүңдүн тилиң менен айтканда, дабдырап эмнеге барасың? Журналистик иликтөөдө адамдын абийирине шек келтирилбейт. Жеке турмушуна кийлигишпейт жана бир тараптуу каралабайт. Бул деген иликтөөнүн эң жөнөкөй эреже менен талаптары. Журналистиканын беделин түшүрбөй, тынч оокат кыл! Шишиң толуп баратат!" - деп жазган Казакбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости