www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин таламын талашып жаткан жактоочу Замир Жоошев 5-6-октябрдагы массалык башаламандык учурунда азыркы айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев жана вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева дагы жүргөнүн, бирок алар эч кандай жоопко тартылбай, тескерисинче майлуу кызматтарды ээлеп отурганына нааразы болду. 

"Октябрь башаламандыгында Тилек Токтогазиев менен Эльвира Сурабалдиева дагы жүргөн. Эмне себептен алар кылмыш жоопкерчилигине тартылган жок? Балким, ага негиз болгон эмес? Демек, Фарид Ниязов менен Канат Сагымбаевди күнөөлөгөнгө дагы негиз жок", - деди Жоошев.

Эске салсак, Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Фарид Ниязовду жана Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Канат Сагымбаевди үй камагына чыгарууну жакындары жана жактоочулары суранууда.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости