www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дос, тууган, кошуна дегеле адамдарды жакындаткан кечелердин бири – шерине. Шеринени ар ким ар кандай максатта ойнойт, ал эми биз төмөндө сөз кылчу шеринелештер жан дүйнөсүнө азык тартуулоочу өзгөчө ыкманы ойлоп табышыптыр.
- Замира айым, инстаграм баракчаңыздан өзгөчө шеринеңиз тууралуу көрүп калдым...
- Негизи, баарыбыз эле дос-тууган, аяштарыбыз менен шерине ойнойбуз. Карап көрсөм, баарынын эле форматы окшош, тамак жеп, ар кайсыны сүйлөшүп, кичине бийлеп алып кетмей экен. Мындай шаан-шөкөттөрдүн форматынан биз да, эл да чарчап турабыз. Ошондон улам бул идея келди мага. Досторубуз менен болгон шеринени тематикалуу кылууну сунуштадым. “Окшошсо окшошот, болбосо көрө жатарбыз” деп баштаганбыз. Биринчи шеринебиз Омар Хайямга арналды, кийинкиде Алыкул Осмонов, андан кийин Чыңгыз Айтматов болуп улантып кете беребиз. Ал күнү акындардын ырларын жаттап айтып берип, чыгармаларын талкуулайбыз. Биздин курагыбызда ыр жаттаган абдан пайдалуу да. Мурда мен көп шериненин мүчөсү болчумун, азыр баарынан чыгып ушул эле шеринедемин. Азыркы тапта жакшы санаалаш беш үй-бүлө бар. Арасында жеке ишкерлер, медицина кызматкерлери болсо, бири ырчы Марат Ибраев жана жолдошум экөөбүз. Биздин шеринебиз форматы жактан гана эмес, аталышы дагы өзгөчө “Мыктылардын шеринеси” деп аталат. Баарыбыз шеринени сагынып, күтүп келебиз. Анан дагы ай сайын кыла бербейбиз, эки айда бирден өткөрүп турабыз.
- Ошондо башка тема тууралуу сөз болбойбу такыр?
- Биринчи баарыбыз чогулуп барып үстөлгө отуруп, бир сыйрадан даам сызабыз. Алгачкы сөздү ошол күнү шерине өткөрүп жаткан адам баштап, өзү билген маалымат менен бөлүшүп, ырларын айтып берет. Андан кийин кезек менен калгандарыбыз айта беребиз. Колдон келишинче бири-бирибиздикине окшошпогон маалымат, ыр айтканга аракет кылабыз. Ортодо антракт болуп ырдап-бийлейбиз. Ошентип отуруп башка темада сүйлөшүүгө деле убакыт болбойт.
- Бул жаңы форматты ойлоп тапканга чейин эмне тууралуу сүйлөшчү элеңиздер?
- Буга дейре кадимки шеринелештердей эле чогулуп ар кайсыны сүйлөшүп кетип калчубуз. Бирок ушак такыр айтылчу эмес, балдарыбыз, жетишкендиктерибиз туралуу сөз болчу.
- Эгерде алдын ала даярдык көрбөй келсе эмне кыласыздар?
- Анда айып пул салынат. Биздин айып пулдун өлчөмү 5000 сом. Антпесек, тиричилик, жумушка шылтоолоп даярданбай келүүбүз ыктымал да. Кечигип келгендерге да штраф каралган. Азыр бул шеринебиз баарыбызга жагып жатат, жубайлар “ыр жаттадык, даярдандык” деп күлүп келишет.
- Эми сиздерди көрүп үлгү алгандар болуп жатабы?
- Негизи, ушундай максат менен инстаграм баракчама киргизген элем. Киргизгенден бери жакшы пикирлер көп айтылып жатат. Азыр “биз да ушундай кылууну чечтик, форматын өзгөрттүк” дегендерди тааныштарымдан угуп жатам. Элге жугуштуу болсун дегем, буюрса, акырындык менен оюм ишке ашып келе жатат.
- Шеринелешиңиздин шеринедеги кылыктары?
- Панайдин, жеке ишкер: “Марат сүйлөп жатып эле ырдап кирет”
Биздин ар бир шеринебиз позитивдүү, күлкү-шаңга бөлөнүп өтөт. Баарыбыз жаш кездегидей бийлейбиз. Мараттын үнү укмуш эмеспи, аныкындай үн эч кимде жок. Шеринеде дайыма бизге ырдап берип, өзгөчө эс алдырат. Бирок Мараттын бир жери бар, дегеле “азыр ырдайм” деп айтып же белги берип койбойт. Сүйлөп жатып эле ырдап кирет. Анын сүйлөп же ырдап жатканын айырмалай албай калабыз. Ал эми Замира болсо, тамактан кийин сөзсүз түрдө бийлегенге шашат.
- Шеринеге канча убакыт даярданасыз?
- Лира, медицина кызматкери: “Шеринеге экзаменге баргандай эле даярданам”
Бир шеринеден кийин келерки жолугушууда ким тууралуу сөз болорун чечип алабыз. Анан ошого жараша маалыматтарды издеп китеп барактап, интернеттен карап даярданам. Бир жумада бир маалымат тапсам, кийинки жумада башка маалымат табам. Тапкандарымды жолдошум менен бөлүшөм, анан ал дагы өз билгендерин айтып, ошол маалыматтын үстүнөн тереңирээк изилдегенге өтөбүз, кайра талкуулайбыз. Айтор, шеринеге чейин үйдө дагы берилген тема тууралуу сүйлөшүп, экзаменге кирчүдөй эле даярдык менен барабыз.
- Жаңы шерине сизге жагып жатабы?
- Рахат, жеке ишкер : “Шериненин шылтоосу менен өзүбүздү өнүктүрүп жатабыз”
Биз бул шеринеге көз караштарыбыз окшош, жашоого наалыбаган, түшүнүктүү, жашоодо ысык-суукту көргөн, бири-бирибизди жарым сөздөн түшүнгөн адамдар чогулганбыз. Жаңы форматка чейин эле чыдамсыздык менен күтүп, жан дилибиз менен келчүбүз. Эми андан да жакшы болуп калды. Улам кийинки шеринеге даярданып жатып көп маалыматтарды билип, өзүбүздү да өнүктүргөнгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Болбосо башка убакта анын баарын окубайсың да, көңүл деле бурбайсың. Омар Хайям темасында өткөн шеринебизде ким экендигин билдим, ырын жаттап бардым. Мисалы менин жолдошум мындай темаларга такыр жок, бирок, шерине үчүн өмүр баянын толук окуп чыкты. Омар Хайям тууралуу өткөн шерине өткөргөн досубуз баарыбызга Омар Хайям тууралуу китеп белекке берген. Бул жөрөлгөнү улантабыз.
- Башка шеринелериңиз кандай өтөт?
- Бактыгүл, жеке ишкер: “ Ушул эле шеринем өзгөчө өтөт”
Мен үч шериненин мүчөсүмүн. Бири курбуларым менен өткөрүлгөн шерине болсо, экөө үй-бүлөлүк шерине. Ачыгын айтканда ушул эле шеринем өзгөчө. Калгандары жөнөкөй эле форматта өтөт, бирок алардын да изюминкалары бар. Мисалы, жалаң кыргызча ырларды ырдоого басым жасап, кыргыздардын тамактарынан ичебиз дегендей. Бул шеринеден кийин аларга да идеяны сунуштап, эми тематикалуу кылып өткөрүүнү ойлонуп жатабыз. Анткени, кече кызыктуу гана өтпөстөн, өзүбүз дагы жаңы нерселерди үйрөнүп билгенге аракет кылат экенбиз.
Айгерим Токтобай кызы
Булак: "Леди.kg"