www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте алдамчылыкка шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2019-жылдын 6-октябрында Бишкек шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Айтымында ал «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаасын сырдатуу үчүн 7-Апрель көчөсүндө жайгашкан техникалык тейлөө бекетине барган. Ал жерге жумушчуга 19миң сом төлөп, унаасын таштап кеткен. Бирок, ал акчаны акчаны алып, унааны айдаган бойдон качып кеткен. Унаа оңдоочу жайдын жумушчусу аялга $3900 өлчөмүндөгү зыян келтирген.
"Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, алдамчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.Октябрь ИИБинин коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тергөөнүн жүрүшүндө 1983-жылы туулган Ю. А. атуу шектүүнү кармашкан. Сотко чейинки ишти өндүрүү алкагында ал СИЗОго жеткирилди",- деп айтылат маалыматты.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, буга чейин шектүү жол кыймылынын коопсудугун камсыздоо башкы камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору тарабынан мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн кармалып, унаа айып аянтына токтотулган. Ал башкарган унаа жогорудагы арыздануучунун унаасы болуп чыкты. Бул иш боюнча тергөө иштери жүрүп шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги такталууда.
Милиция аталган шектүүдөн жабыркагандар, же ал тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо төмөндөгү номурларга байланышууну суранышат:
0 (701) 15-08-00, 0 (703) 55-23-49 и 102.
Булак: NazarNews.kg