www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен эки кыргызстандык чек арачылардын огунан каза болгон. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы тараткан маалыматта айтылат.
Маалыматка ылайык, 25-августта укук коргоо органдарына Чаткал районунун Айгыр-Жал айылынын тургундары — КРнын эки жараны дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
«28-августта жумушчу жолугушууда өзбек тараптын чек ара өкүлдөрү 15-августта Өзбекстандын аймагында Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын чек аралары кошулган аймактан Өзбекстандын чек ара кезмети белгисиз эки жаранды табышканын билдиришкен. Өзбек тараптын айтымында, аларды кармоо аракетинде талаптар аткарылбагандыктан чек арачылар курал колдонушкан. Натыйжада эки жаран тең жашоого туура келбеген октон жаракат алышкан. 31-августта дайынсыз жоголгон кыргызстандыктардын жакындары Өзбекстанга жөнөп, маркумдун өздүгүн такташкан. Андан соң 2025-жылдын 1-сентябрында “Баймак” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кыргыз Республикасынын эки жаранынын сөөгү кыргыз тарапка өткөрүлүп, Кербен шаарындагы өлүкканага экспертизага жеткирилген», — деп жазылат маалыматта.
Белгиленгендей, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилери 2025-жылдын 2-сентябрынан баштап жеринде биргелешкен иликтөө жүргүзүүнү макулдашты.
«Мындан тышкары, өзбек тарап каза болгон жарандардын табылган мүлкүн – үч жылкыны жана бир чатырды Кыргыз Республикасына берүүгө даярдыгын билдирди.
КР УКМКнын Чек ара кызматы болуп өткөн окуяга терең тынчсыздануусун билдирет. Биздин жарандардын өлүмүнүн жагдайлары боюнча комплекстүү иликтөө иштери жүрүп, анын жыйынтыгы коомчулукка маалымдалат», — деп кошумчалашты мекемеден.