www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы окуу жылынын башталышын утурлай ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери өлкө аймагындагы баардык орто мектептерге бекитилип, мектеп окуучуларды жолдон, жөө өткөөлдөрдөн, жол чырактардан өткөрүп, жалпы жол коопсуздугу багытында кызмат алып барышат. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков Чүй облусунун аймагындагы мектептердин биринде “Биринчи коңгуроо” аземинде билдирди.

Жетекчи Ички иштер министрлиги Агартуу министрлиги менен биргелешкен иш-мерчем түзүп, анын алкагында мектептерге бекитилген жол тескөөчүлөрү окуучуларга ачык сабактарды, лекцияларды өткөрүп, үгүт-насаат иштерин жүргүзүшөт. Ошого карабастан алгачкы класстын окуучулары мектепке барып келүү маршуртун толук жаттап, адаптация болгончо ата-энелер өздөрү коштоп алып келип турууну өтүнөт.

Билим күнүндөгү иш-чара учурунда башкы башкармалыктын жетекчиси мектептин Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнө жана мугалимдерине башкы башкармалыктын атынан Ардак грамоталарды жана атайын даярдалган окуучулар үчүн спорттук кийимдерди тапшырды.

 

Последние новости