www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстанда кытайлык Hanrun Paper компаниясы Самарканд облусунда кагаз жана таңгактоо өндүрүүчү завод курууга 500 миллион доллар инвестиция салат. Ал эми Бекабадда 834 миллион долларга бааланган металлургиялык комплекс ишке кирип, жылына 1 миллион тоннанан ашык продукция чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Казакстанда Караганды облусундагы “Сарыарка” АӨЗ базасында алюминий кластер түзүлүүдө. Анда Silumin of Qazaqstan заводу радиаторлорду толук цикл боюнча өндүрүүнү уюштуруп, жылына 5,5 миллион секцияга чейин чыгарууну пландоодо.
Тажикстанда инвестор “Аён Энерджи” Хатлон жана Согди облусунда жалпы кубаттуулугу 500 МВт күндүн энергиясын өндүрүүчү эки күн электр станциясын курууга 250 миллион доллар инвестиция салат. Аталган станциялар 2026-жылдын аягына чейин ишке киргизилет деп пландалууда.