www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 27-январдагы күч түзүмдөрдүн, салыктар боюнча органдардын жана мамлекеттик компаниялардын жетекчилеринин ишин кескин сындаган сөзүнөн кийин Ташкентте масштабдуу тазалоо иштери жүрдү. Борбор шаарда жогорку кызматтагы чиновниктер иштен алынып, айрымдары камалды.  

Өзгөчө күч түзүмдөрү, ИИМ жана прокуратура системасы катуу соккуга учурады. Мамлекеттик сатып алуулардагы уурдоо фактылары үчүн 186 миллиард сумга чейин зыян келтирилгени аныкталып, ички иштер министринин мурдагы орун басары жана жазаларды аткаруу департаментинин экс-башчысына кылмыш иштери козголду. Ташкент шаарынын ИИМ башчысы жана прокуратура жетекчилиги “жарым жылдык сыноо мөөнөтү” менен катуу эскертүүлөрдү алышты. 

Кадрдык өзгөрүүлөр салыктар системасына да тийди. Салык комитетинин биринчи орун басары болуп 7 жылдан ашык иштеген Мубин Мирзаев кызматынан алынды. Шаардык жана райондук салык башкармалыктарынын жетекчилери да иштен кетирилди. Буга көмүскөдөгү экономиканын көлөмү 5 миллиард долларга жеткени негиз болду. 

Ошондой эле, энергетика тармагында жана мамлекеттик мүлктү башкаруу жаатында дагы текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Мамлекеттик активдерди башкаруу агенттигинин жетекчиси кызматтан кетирилип, миллиарддык уурдоолор боюнча кармалды. Ушул эле сыяктуу текшерүүлөр “Өзбекнефтегаз” компаниясында да башталды.

Последние новости