www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кыргызстан күйүүчү-майлоочу май импорттоо боюнча кайрылган өлкөлөрдөн жооп ала баштаганын билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстан Кыргызстанга күйүүчү май сатууга оң жооп берген. Ал эми Казакстандын жообу азырынча күтүлүүдө.

«Бул маселе боюнча Ирандын жана Түркмөнстандын элчилери менен да сүйлөштүм. Бардык мүмкүн болгон аракеттерди көрүп жатабыз», — деди министр.

Буга чейин Энергетика министрлиги күйүүчү-майлоочу май алуу боюнча Орусия, Беларусь, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдүн тиешелүү органдарына кайрылганын билдирген.

Ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кытай менен Беларусь Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май жеткирүүгө макул болуп, алгачкы келишимдер түзүлгөнүн маалымдаган.

Последние новости