www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан 16-марттан тарта Казакстан менен эл аралык туруктуу автобус каттамдарын калыбына келтирүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу Өзбекстандын Унаа министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий билдирүүгө ылайык, Өзбекстандын Унаа министрлиги Казакстан аркылуу Орусиядан Кыргызстанга транзиттик автобус каттамдарын уюштуруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө.

Транспорт министрлиги өзбек тарап эмнеге Орусиядан Ташкентке эмес, Бишкекке каттамдарды ачууга кызыгып жатканы боюнча так маалымат берген жок.

Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы автобус байланышы коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылы 16-мартта токтогон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости