www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл Ош шаардык мэриясы Нооруз майрамын белгилөөгө 1 миллион 600 миң сом бөлгөнү жатат.

Бул акчага борбордук аянттагы сахна жасалгаланып, 2 тонна сүмөлөк кайнатылат. Мындан сырткары, Бишкектен чакыртылган ырчылардын акысына төлөнөт.

Ош мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы мамлекеттик сатып алуулар порталына 7-мартта майрам күнү шаарды, аянтты жасалгалоо жана башка кызматтар үчүн 1 миллион сомдук тендер жарыялаганын Kloop басылмасы жарыялады. Анда айтылгандай, конкурска билдирмелерди жиберүү үчүн эки күн убакыт берилген. Анткен менен мекеме Уланбек Ахматов аттуу жеке ишкер менен түз келишим түзгөн. Ал кызмат акысын 970 миң сомго баалаган.

Ал эми мэриянын Маданият башкармалыгы 11-мартта майрамга катышкан чыгармачыл топтун акысын төлөө үчүн 601 миң сомго тендер жарыялаган. Конкурс 15-мартка чейин уланаары көрсөтүлгөнү менен келишим түздөн-түз түзүлөөрү жазылган. Азырынча жеңүүчү компания аныктала элек.

Ошентип Ош шаардык мэриясы бул жылы Нооруз майрамын өткөрүү үчүн былтыркыга салыштырмалуу эки жарым эсе көп акча коротууну чечти.

Муну мэриянын алдындагы маданият башкармалыгынын башчысы Элдияр Кадыркулов быйыл азык-түлүккө болгон баалар кымбаттаганы менен түшүндүрөт. Мындан сырткары, былтыркы сахна жасалгалары колдонууга жарабай калгандыктан, кайрадан жаңылоо муктаждыгы жаралганын айтат.

Ноорузду өткөрүү үчүн былтыры Ош шаардык мэриясы бюджеттен 550 млн сомдон ашык каражат жумшаган. Ал эми быйыл сумма көбөйүп, 1 млн 600 миңден ашты. Бул каражатка 2 тонна сүмөлөк кайнаткандан сырткары, борбордук аянттагы сахнаны жасалгалашат. Ал эми ошол акчанын 600 миңден ашыгы Бишкектен чакырылган ырчылардын ыры үчүн төлөнө турган болууда.

Булак: Eurasia Today

Последние новости