www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-марттагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында депутаттар «2017-жылдын 28-февралындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Камбарата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү» долбоорун каржылоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга № 2 кошумча макулдашуунун долбоорун карап, жактырышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган маселе боюнча КР энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев маалымат берди. Ал белгилегендей, кошумча келишим насыя боюнча төлөмдөрдү 2 жылга жылдырууга багытталган.

«Бул макулдашуунун шарттарына ылайык, негизги карызды алгачкы тындыруунун биринчи датасы деп 2021-жылдын 30-сентябры, ал эми экинчи датасы 2022-жылдын 30-марты белгиленген. Ушуну менен бирге, бардык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандан кийин макулдашуу 2019-жылдын 17-апрелинде гана күчүнө киргенин жана кредиттик каражаттарды иш жүзүндө өздөштүрүү макулдашууга кол койгон учурдагы жоюу графигинде болжолдонгон мөөнөттөрдөн кийин башталганын эске алып, негизги карызды жоюу графигин өзгөртүү жана негизги карызды жоюу датасын 2024-жылдан тартып 2039-жылга чейин ар бир жылдын 30-мартына жана 30-сентябрына белгилөө зарылчылыгы келип чыкты», - деди ал.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Исхак Масалиев Министрлер кабинетине доллар менен евронун курсунун кескин көтөрүлүшүн эске алуу менен чет элдик валютада алынган кредиттерди төлөө механизмдерин иштеп чыгууну сунуштады. «Биз кредиттик каражаттарды албай туруп, курстун айырмасынан гана 20 миллиард сом жоготтук», - деди И.Масалиев. Ал өкмөттү төлөмдөрдү улуттук валютада жүргүзүү жана болгон карыздарды реструктуризациялоо боюнча донорлор менен сүйлөшүүлөрдү активдештирүүгө чакырды.

Депутаттар Камбар-Ата ГЭСтерин куруу долбоорлорун ишке ашыруу жана жалпысынан энергетика тармагын өнүктүрүү, генерациялоочу кубаттуулукту жогорулатуу жана өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын колдонуу боюнча бир катар чараларды сунушташты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости