www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку соттун 15-марттагы чечими менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, мурдагы баш прокурор Индира Жолдубаевага, дарыгер Абдухалим Раимжановго жана Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Калыбек Качкыналиевге карата Бишкек шаардык жана Биринчи май райондук сотунун өкүмдөрү өзгөртүлдү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жолдубаева Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүгү (1997-ж. редакциясы) менен кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза колдонулбастан күнөөлүү деп табылган. Биринчи май райондук сотунун 2019-жылдын 26-августундагы токтому менен анын мүлкүн камакка алуу чечими жокко чыгарылды. Калган бөлүктөр боюнча соттук өкүмдөр өзгөртүүсүз калтырылган.
2020-жылы октябрь окуяларынан кийин мурдагы президенттин адвокаттары "Сот жараянында Атамбаевдин жарыш сөзгө чыгуу жана акыркы сөз алуу укугу бузулган" деп Жогорку сотко арызданышкан. Ал арыз канааттандырылып, иш кайра кароого жиберилген.
2021-жылы 12-октябрда Жогорку сот “Батукаев иши” боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, мурдагы президентке чыккан өкүмдү кайра күчүнө киргизген.
2020-жылы 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов Атамбаевди “Батукаевдин иши” боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кескен. Ошол эле жылы 17-августта Бишкек шаардык соту ишти карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.
Булак: NazarNews.kg