www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан менен Тажикстандын өкмөттөрү жай мезгилинде Рогун ГЭСинде өндүрүлгөн электр энергиясын экспорттоо тууралуу меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу "Газете.uz" сайты Өзбекстандын Энергетика министрлигине шилтеме кылып жазды.

Электр энергиясын жеткирүү режими, мөөнөтү, көлөмү жана баасы быйыл жыл соңуна чейин кол коюлат деп күтүлүп жаткан өзүнчө макулдашуунун алкагында каралат.

Өзбекстандын Энергетика министрлиги болжолдуу түрдө келишим 10 жылдык мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн экенин билдирди.

Рогун ГЭСинин плотинасынын курулушу Вахш дарыясынын жээгиндеги Рогун шаарында 2016-жылы октябрда, өлкө президенти Эмомали Рахмондун катышуусунда башталган. Ал ар бири 600 МВт кубаттуулуктагы алты агрегаттан турат (жалпы 3600 МВт) жана толук курулуп бүткөндөн кийин аймактагы эң ири ГЭС болуп калат.

Тажик тараптын маалыматына караганда, учурда Рогун ГЭСинин бардык агрегаттарын ишке киргизүү процесси жүрүүдө.

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов сейсмикалуулугу жогору тоолуу аймакта дүйнөдөгү эң бийик дамба пайда болот деп кооптонуп, Рогун ГЭСинин курулушуна каршы болуп келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости