www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2-июнда Украинанын президенти Владимир Зеленский Люксембургдун парламентинде видео кайрылуу жасап, Орусиянын өлкө аймагындагы баскынчылыгы тууралуу маалымат берди.

Ал Москва 2014-жылы Крымды аннексиялап, Донбасста жикчилдерди колдогон маалда Украинанын 43 миң чарчы чакырым аянтын ээлеп турганын, 24-февралдан кийин мындан үч эсе көп аймагын басып алганын айтты.

“Орусиянын аскерлери Украинанын 3 миң 620 айылына кирди. Анын миңден ашыгын кайра бошоттук. Дагы эки жарым миңден ашыгын боштондукка чыгарышыбыз керек. Учурда биздин аймактын 20% жакыны баскынчылардын көзөмөлүндө турат. Бул деген кеминде 125 миң чарчы чакырымдык аянт. Бул Бенилюкс уюмуна кирген бардык өлкөнүн аянттарынан да кыйла чоң. Дагы 300 миң чарчы километр жерге мина менен жарылуучу дүрмөттөрдү жайгаштырып коюшкан. Жалпы 12 миллиондой украиналык тургун жер которууга аргасыз болду, 5 миллиондон ашык тургундар, көбүнчө аялдар жана балдар чет жакка чыгып кетишти”,-деди ал.

Владимир Зеленский курал-жарак берип жаткан Люксембург мамлекетине ыраазычылык билдирип, муну дагы улантуусун өтүндү. Ал ошондой эле аталган өлкөнүн парламентин Орусияга каршы эл аралык санкциялык чараларды күчөтүүгө кол кабыш кылууну суранды.

Люксембург - Франциянын, Германиянын жана Бельгиянын ортолугунда жайгашкан чакан мамлекет. Бельгия, Нидерландия жана Люксембург өлкөлөрүнүн биргелешкен уюму Бенилюкс деп аталат.

Орусиянын президенти Владимир Путин 21-февралда Украинанын чыгышындагы жикчилдердин өздөрүн "Донецк Элдик Республикасы"жана "Луганск Элдик Республикасы" деп атап алган түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялап берген.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости