www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан экономикалык жана социалдык өнүгүү программаларына насыя алуу боюнча Жапониянын өкмөтү менен макулдашты. Бул тууралуу Жапония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) билдирди.

Өзбекстандын экономика жана каржы министринин орун басары Илхом Норкулов менен JICA өкүлчүлүгүнүн башчысы Ёшибуми Бито 19-февралда кол койгон келишимге ылайык, Өзбекстан Жапониядан 10 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен 37 миллиард иена (246,2 миллион доллар) өлчөмүндө насыя алат. 30 жылга бериле турган насыянын үстөгү 1,8% түзөт.

"Насыя өлкөдө базар экономикасын өнүктүрүүгө багытталган реформаларды колдоого жумшалат. Мындан тышкары каражаттын бир бөлүгү калктын аялуу катмарына жардам берүү жана социалдык инклюзивдүүлүк программаларына жумшалат", – деп жазылган JICA'нын билдирүүсүндө.

Жапония эл аралык кызматташтык агенттигинин маалыматына караганда, 1993-жылдан 2021-жылга чейин JICA түрдүү программаларды ишке ашыруу үчүн Өзбекстанга жалпысынан 1,5 миллиард доллар каражат берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости