www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Наманган облусунун Пап районундагы абакта ири өлчөмдө маңзатын сатканы үчүн жазасын өтөп жаткан 24 жаштагы адам асынып алды. Анын үй-бүлөсү ал кыйноого кабылганын билдирүүдө.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Хаёт Шамсутдиновдун айтымында, 23-майда абактагы өндүрүш цехинин аймагынан абактагы адам асынган абалда табылган.

Эксперттер соттолгон адамдын денесинен жаракаттын белгилерин аныкташкан эмес.

Бирок маркумдун жакындары өлүмгө кыйноо себеп болушу мүмкүн экенин айтып жатышат. Туугандары жигиттин өз жанын кыйганына ишенишпейт. Мындан бир аз мурун ал апасына кыйноо жөнүндө арызданган.

«Эзгулик» укук коргоо коому билдиргендей, маркумдун апасы уулунун денесинде кыйноонун белгилери бар экенин айткан.

Учурда Пап райондук прокуратурасы тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости