www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстан парламентинин мыйзам чыгаруу палатасы 10-мартта Конституциянын жаңы редакциясы боюнча референдум өткөрүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Түз эфирде көрсөтүлгөн жыйында 132 депутат токтомдун кабыл алынышына «макул», 2 депутат «калыс» деген добуш берсе, 3 депутат добуш берген жок.
Жыйын учурунда Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жалпы элдик референдумдун күнү бекитилди. Референдум 30-апрелде өтөт.
Мурда кабарлангандай, Конституциянын беренелери 128ден 155ке чейин көбөйтүлүп, тексти 65% өзгөртүлөт. Жаңы Конституция кабыл алынса, президенттин мурдагы эки мөөнөтү жоюлуп, ал үчүнчү жолу шайланууга мүмкүндүк алат.
Баш мыйзамда бир адамдын белгилүү бир кызматка экиден ашык мөөнөткө катары менен шайлануусуна тыюу салган норма киригизилет. Бул эреже өлкө президентине, Мыйзам чыгаруу палатасынын спикерине, Сенат төрагасына жана башкаларга тиешелүү болот.
1995-жылы өткөн референдумдун жыйынтыгы менен Өзбекстандын ошол кездеги президенти Ислам Каримов шайлоо өткөрбөстөн бийликте дагы бир мөөнөткө калган. 2002-жылы Конституция азыркыдай эле өзгөртүлүп, президенттин ыйгарым укуктары 5 жылдан 7 жылга узартылган.
Булак: NazarNews.kg