www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казак кызы Зейнеп апа Ахметованын жоолук тууралуу маалыматы Фейсбук баракчасынан алынды.

--"Аураттуу жерлериңди жап" дейт. Ал деген сөз уяттуу жерлериңди жап дегени. Сенин башың, бетиң уяттуу жер эмес го. Ал Кудайдын жаратканы. Уяттуу жер аялга мына моюндан төмөн, эркекке белден ылдый жак. Казак ансыз да ал жерин ачып-чачкан жок. Казактын кызы турмушка чыкканга чейин башына жоолук салбаган. Кемчет бөрк, кундуз тебетей, үкүлүү топу, чачыктуу такыя, мончоктуу касаба, шөкүлө деген ошончолук адеми баш кийимдер болгон. Чачтарын он күн тарап, беш күн өргөн деген, чач күтүмүнө көп көңүл бөлгөн. Колоң чач, сүмбүл чач, кара чач, алтын чач анын баары кыздын чачы. Анда эмне мусулман болот экенбиз деп анын баарын жерге көмүшүбүз керекпи? Тигинин бардыгы арабтардыкы. Арабтын жери ысык, кум бороон согуп турган. Анда эркеги бар аялдын баары көзүнөн башка жеринин бардыгын жаап алган, кара менен. Эми аны алып келип бизге таңуулайт. Мусулман болуу үчүн араб болуунун кереги жок.

Мисалы, арабтар ошончо эле керемет болгон болсо, теги бир, дини бир, тили бир, эмнеге бири-бирин канга бөлөп жатат? Кырып жатат. Канча гана жылдар болгон жок. Анын эмнеси ислам? Анын эмнеси шарият? Кудай сактасын.

Казактар мурун жер доосу, жесир доосу деп барымтага чыкканы менен анын өзүндө эки ооз сөз менен бүтүрүп отурган. Сөзгө токтогон. Казак өтө кудайчыл калк. Бирок фанатик эмес. Казак "Кудайсыз куурай сынбайт" деген бир ооз сөз менен гана кудайды моюндаган, кабыл алган. Эң жаман адамды кудайсыз адам дейт. Жакшы адамды "Ой, кудайы бар экен айланайын" деп айтып жатат. Арабтар мурун бутка (идол) табынган. Эки кыз төрөлсө бирөөнү тирүүлөй көөмп салган. Андан мына "Тарыхый жат" (Историческая память) ошондон калып койгон. Аялды төмөн көрүү канында бар. Баары бир тегине тартпай койбойт.

Ал казакта тескерисинче "Ырыс алды кыз" деп, ырымдап кыз туулса керемет кубанган. "Кете турган бала, конок" деп, кызды атасынын үйүндө жүргөндө абдан эркелеткен. Жакшыны кийгизген. Даамдууну жегизген. Колунан келсе жоргону мингизген. Кызды эч качан эшик жакка отургузбаган. Оң жакка төргө отургузган. Турмушка чыкпаган кызды оң жактагы кыз дегени ошондон. Отурган кыздын бутунан аттоо чоң күнөө болуп саналган, казакта. Кыз балага кол көтөрүү ал чоң кылмыш болуп саналган. Кыздар жоокерчилик кезде аталары менен, агалары менен катар соот кийип жоого каршы аттанды. Чайкашты. Ага тарых күбө. Айтышты, айтышка түштү.

Баарын мындай коюп, кыз куумайды карачы! Ошол жигиттерди ышкырта кубалашкан кезде кандай аттын кулагында ойногон. Эми эмнеге ушунун баарын жаап, жерге көмүп, мусулман болот экенбиз деп, бечара кыздардын башына кара жоолук салуубуз керек? Кара жоолукту эри өлгөндө салат. Каралуу аял дейт аны. Мисалы, М. Ауезовтун "Каралуу сулуусунда" аял жыл бою башына кара жоолук салат. Жыл өткөндөн кийин жакындары келип, карасын чечип, алмаштырат.

Азыр кыз-келиндер өздөрүн өздөрү кор кылып, шор болуп жүрүшөт. Үйлөрүндө телевизор көрбөйт, эч жакка чыкпайт, айтоор бала тууп жаткандары бар, болгону жанагы эркекке кызмат кылуу керек, бүттү. Бир аздан кийин наадандык келип чыгат. Билимсиз энеден билимсиз урпак көбөйөт. Биз биринчиден билим менен, экинчиден өзүбүздүн тил аркылуу тарала турган каада-салтыбыз менен гана улутубузду сактай алабыз. Ар бир адам улуту менен бирге туулат. Улутуң менен бирге туулган соң, улутуңдун тили, бүткүл салты-наркы, үрп-адаты, эли, жери, тарыхы сага да тийешелүү. Бул жерде эгер дин улуттун үстүнө чыкса, андан жогору турса улут жоюлат. "Эки сөздүн биринде казакмын деп айтпа, мусулманмын деп айт" дейт. Көрдүңбү, бул жерде кандай куйтулук, бузукулук жаман нерсе жатат? Мына радикалдуу динге карай бурула тургандардын ичинде эркекке караганда аялды кайтаруу кыйын экен. Айтышчы акындар, эмне деген спортчулар кетти. Атагы барлар менен акчасы барлар алды менен кайырмакка илинип жатат", Зейнеп апа.

Казак кызы Зейнеп эже менен келишесизби?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости