www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19 коронавирус пандемиясы экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң начар экономикалык төмөндөөнү шарттады. Бул тууралуу Дүйнөлүк экономикалык форумда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин билдирди.

"Адамзат учурда экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан бери эң начар экономикалык төмөндөөнү башынан өткөрүп жатат" деди Си.

Ал учурдагы кырдаалда макроэкономикалык саясатты координациялоо эң маанилүү милдет экендигин баса белгиледи. Кытай президенти белгилегендей, өлкөлөр экономиканы колдоо боюнча иш-чараларга триллиондогон долларларды сарпташкан, бирок дүйнөдөгү экономикалык абал дагы деле туруксуз.

Си Цзиньпин Кытай тарап COVID-19га каршы күрөшүүдө башка өлкөлөргө жардам берип келе жатканын кошумчалады.

"Кытай ушул кезге чейин 150дөн ашуун өлкөгө жана 13 эл аралык уюмга пандемияга каршы жардам көрсөтүп, 36 медициналык адистерден турган топту муктаж өлкөлөргө жиберип, вакцина боюнча эл аралык кызматташтыкты жигердүү колдоп, катышып келет", - деди ал.

Суннатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости