www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын президенти Владимир Зеленский 2024-жылдагы шайлоодо утулуп калса, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болот. Мындай божомолун саясат таануучу Руслан Бортник «Наш» телеканалынын эфиринде билдирди.
Анын айтымында, украин лидери кызматта турганда көптөгөн адамдардын жолун кесип өткөн, алар албетте аны тынч койбойт, айрыкча ал мамлекет башчысы болбой калса.
«Эгер Зеленский президенттик шайлоодо утулуп калса, анда аны эмиграция күтүп жатат деп ойлойм... Көрдүңөрбү, Янукович жана анын командасы мыйзам бузганы үчүн кеткенэмес, ал Тимошенкону отургузганы үчүн кетти», - деп эсептейт эксперт.
Ал белгилегендей, өлкө лидеринин колунан «курман болгондордун» арасында кекчил инсандар, анын ичинде аткезчилер, мыйзамдагы уурулар бар.
Булак: NazarNews.kg