www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын аскердик-транспорттук үч учагы Ооганстандан жарандарды эвакуациялап, гуманитардык жардам жеткирүү үчүн учуп кетти. Алардын бири Кабул шаарына барып конду деп билдирди РИА Новости.
"Орусия лидери Владимир Путиндин тапшырмасы менен коргоо министри Сергей Шойгу Ооганстан аймагына үчүнчү эвакуациялык иштерди уюштурду. Ал жактан Орусиянын (380ден ашуун) жана ЖККУга мүчө болгон мамлекеттердин (Кыргызстан) жарандарын жана Орусия аймагында окуп жаткан афганистандык студенттерди алып келет", — деп айтылган маалыматта.
Учактар Кабулга Подмосковьедеги Чкалов аэродромунан жөнөп кеткен.
Маалыматта Орусиялык аба кемелери ооган элине эмне жардам алып барганы такталып жатканы жазылган.
Булак: NazarNews.kg