www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Владимир Зеленский Украинанын президенти болуп шайланганда дүйнө коомчулугу, ошол эле Европа таңдануу менен кабыл алган. Сахнадан саясатка келип, мамлекетти башкарып кетүү оор болоорун, бул Украина өлкөсүнүн бактысы эмес, кайгысы экендигин бир катар талдоочулар айткан.

Бүгүнкү күндө Орусия менен Украина ортосундагы пикир келишпестикте көптөгөн моралдык, материалдык жоготууларга карабай, Зеленский артистигине салып, бирде ыйлап, бирде күлүп, айласыздан популисттик  кайрылууларды жасап жаткандай. Ал ишенген НАТО жана Америка оор күндөрдө формалдуу айтканы менен, реалдуу жардам берүүдө толук өлчөмдө кол сунган жок. Кагылышта Украина жалгыз калганын социалдык тармактагы баракчасына Зеленский өзү да жазган.

Эмне үчүн Америка, НАТО жана башка Европа мамлекеттери жетиштүү жардамга келбеди? Анткени алар дагы артисттин деңгээлин билип, келечегине ишенбеген сыягы. Куру сөз менен колдогон досторуна ишенип, кошуна Орусия менен мамилесин бузганы Зеленскийдин өзүнө да чоң сокку болду.

Эми Владимир Зеленский Украина  мамлекетинин талкаланышына, жүз миндеген элдин качкынга айланышына жана миңдеген адамдардын өлүмүнө себепкер болгон президент катары тарыхта калабы?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости