www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-мартта, хоккей боюнча 2022-жылдагы IV дивизиондогу дүйнө чемпионатынын расмий ачылышына старт берди. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалымат катчысы билдирди.

Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) колдоосундагы масштабдуу иш-чара Бишкекте биринчи жолу өтүүдө.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатканына өзү эле эмес, бүтүндөй кыргыз эли кубанып жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров жалпыга белгилүү болгондой спортто күчтүүсү жеңерин белгиледи. Андыктан, ал бардык катышуучуларга ийгилик жана күчтүүлөрү жеңишке жетүүсүн каалады.

Мамлекет башчысы курама командалардын капитандары менен учурашып, символикалык түрдө шайбаны оюнга ыргытып, ошону менен чемпионат старт алды.

Чемпионаттын салтанаттуу ачылыш аземи “Бишкек-Арена” спорт комплексинин базасында өттү.

Турнирге Кыргыз Республикасынын, Кувейт мамлекетинин, Малайзиянын, Сингапурдун жана Иран Ислам Республикасынын курама командалары катышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости