www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленский өз өлкөсүндө жүрүп жаткан согуштун фонунда дүйнөнүн башка жагында чыккан жаңжалдар жана чыңалууларды комментарийлеп, муну эл аралык коопсуздуктун бузулганы менен байланыштырды. Бул тууралуу пикирин ал соңку сутканы жыйынтыктаган видео кайрылуусунда айтты.

“Ушул күндөрү маалымат мейкиндигинде жана социалдык желелерде географиянын башка алкагындагы чыр-чатактар жана коркутуулар жөнүндө көп маалыматтар чыгып жатат. Алгач Балканда, анан Тайванда, эми болсо Кавказда... Бул кырдаалдардын баары түрдүүдөй сезилет, бирок баарын бир фактор бириктирип турат. Тагыраагы, дүйнөлүк коопсуздук архитектурасы иштеген жок. Эгер иштегенде, бул жаңжалдар болмок эмес. Украина муну кеңири масштабдагы согуш башталган 161 күндөн бери эле эмес, канча жылдан бери айтып келатат. Баары Орусия эл аралык укукту, адамзаттын кызыкчылыгын таптакыр эске албай калгандан кийин башталды”, - деди ал.

Зеленский Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялап, Донбассты басып алган соң эл аралык коомчулукта эч кандай жоопкерчилик тарткан жок. Анын айтымында, ошондон бери башка өлкөлөр да ушундай аракеттерге барууга аракет кыла баштаган. Украин президенти муну токтотуу үчүн “бир мамлекет башка мамлекетке террор жасай албай тургандай” коопсуздук эрежелери курулушу керек деп эсептейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости