www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн кезектеги видео-кайрылуусунда Батыш өлкөлөрүн айыптады. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасына билдирген.

"Батыш өлкөлөрү Орусиянын аба жана ракеталык соккуларын токтотуу үчүн эч нерсе кылбай жатат. Алар аба мейкиндигин жаппай же абадан коргонуу системаларын бербей жатат"- дейт Зеленский.

"Украинадагы аба соккуларынан жана тосулган шаарлардагы ар бир адамдардын өлүмүнө, албетте, Орусия күнөөлүү. Бирок өлүм үчүн жоопкерчилик 13 күндөн бери Батыштын белгилүү бир чечим кабыл ала албагандарынын мойнунда", - деп билдирген Украина лидери, мындан ары дүйнө элдерине түздөн-түз кайрылууну көздөп, алар чечим кабыл албай жаткан саясатчыларга кысым көрсөтүүнү пландап жаткандыгын билдирген.

Белгилей кетсек, Орусия Украинага болгон аскердик операциясын баштаганына бүгүн 13 күн болду. Эки тарап 3 жолу жолугушуу өткөрүп бир чечимге келе элек. Ал эми дүйнө лидерлери кан төгүүлөрдү токтотуу үчүн аракет кылып, телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости