www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Зеленский Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдогандын "колтугуна кирүүнү" чечти.
АКШнын президенти Дональд Трамптын басымына кабылып, Европадан колдоо таппаган Владимир Зеленский Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдогандын "колтугуна кирүүнү" чечти деп жазды түрк өкмөтүнө жакын Hürriyet гезитинин журналисти Абдулькадир Сельви.
Зеленский дүйшөмбү кечинде Түркиянын борбору Анкарага келди. Бул анын Россия менен АКШ делегацияларынын Эр-Рияддагы жолугушуусунун жана Трамптын катуу билдирүүлөрүнүн фонунда болду. Кийинчерээк Трамп аны "шайлоосуз диктатор" деп атады.
Зеленский Эрдоган менен үч сааттык сүйлөшүү өткөрүп, Түркиядан коопсуздук кепилдигин күтөрүн билдирди. Массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда Эрдогандын Зеленскийди жааган кардан калкалап, өзүнүн кол чатырын берген сүрөтү чоң кызыгуу жаратты.
Журналисттин айтымында, Эрдогандын Зеленскийди "өз кол чатырынын астына алышы" дүйнөгө маанилүү белги болуп саналат.
Шаршембиде Трамп Truth Social социалдык тармагында Зеленскийге бир нече сын айтып, аны "шайлоосуз диктатор" деп атап, Зеленский жаңжалды улантууну каалап, финансылык пайда көрүп жатканын билдирди.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жума күнү Трамптын Зеленскийге карата нааразычылыгы кээ бир учурларда негиздүү экенин белгиледи.