www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда медиа жана байланыш тармагын тескеген Роскомнадзор мекемеси жергиликтүү басылмалардан Украинанын президентинин интервьюсун жарыялабоону талап кылды. Ошондой эле, Владимир Зеленкийден интервью алган медиаларга карата териштирүү башталганын билдирди.

Зеленский 27-мартта "Медуза", "Медиазона", "Дождь" жана "Коммерсант" баштаган бир катар орусиялык басылмалары менен бир жарым сааттай маек курган. Анын кеңешчиси Михаил Подоляк өзүнүн Телеграм-каналында маекти жарыялоого тыюу салынышын “ыксыз жорук” катары баалады.

Мунун алдында Роскомнадзор "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун казак, тажик жана түркмөн кызматтарынын орус тилиндеги сайттарын тыюу салынган веб-баракчалардын тизмесине кошкон. Мындай чектөө 26-марттан тарта күчүнө киргенин орусиялык көз карандысыз "Медиазона" маалымат сайты "Роскомсвобода" укук коргоо долбооруна шилтеме кылып билдиген.

Буга чейин Роскомнадзор Орусияда же орус тилинде иш алып барган "Медиазона" сыяктуу бир катар эркин маалымат каражаттарынын сайттарын жапкан. Алардын арасында "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун бир нече редакцияларынын, Би-Би-Си корпорациясынын орус кызматынын веб-сайттары да бар.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости