www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон орус президенти Владимир Путинди бийликтен кетирүүнү көздөбөй турганын билдирди. Ал мындай сөзүн 27-мартта Израилдеги сапары маалында айтты. Америкалык башкы дипломат Кошмо Штаттардын Орусияда болобу, же башка жерде болобу «режимди өзгөртүү тууралуу стратегиясы жок» экенин белгиледи.

АКШнын президенти Джо Байден Польшадагы бир күн мурдагы сапары маалында Путин «бийликте кала албайт» деп айткан. Аны улай Ак үй Байдендин алдын ала даярдалбаган бул сөзү туура эмес чечмеленип жатканын, ал Кремлдеги режимди алмаштырууга чакырбаганын билдирген.

Блинкен президент Байден мындай билдирүүсү менен «Путинди Украинага же башка өлкөгө каршы согуш ачууга же агрессиялык кадамга барууга шыктандырбоо зарылчылыгына» басым жасагысы келгенин кошумчалады.

Америкалык президенттин сөзүнө Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусиянын жетекчилигинин тагдырын «Байден чече албайт» деп жооп кайтарган болчу. «Орусиянын президенти орус жарандары тарабынан шайланат», - деп айткан Песков.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости