www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зер буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетине богот коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында «Аэропорт-Ош» көзөмөл-өткөрүү пунктунда зер буюмдарды мыйзамсыз алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду.

“Стамбул-Ош” аба каттамы боюнча келген адамдарды паспорттук көзөмөлгө алуу учурунда, КР УКМК кызматкерлери тарабынан Түштүк-Батыш Бажысынын контрабандага каршы күрөшүү жана бажы жол-жоболорун бузуу башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын М.Ж. жана Өзбекстан Республикасынын Д.Т. аттуу жарандарынан жалпы салмагы 388, 53 грамм болгон сары металлдан жасалган буюмдар (браслеттер – 4 даана, шакектер – 32 даана, сөйкөлөр – 22 даана, кулондор – 15 даана, жана шакектер – 24 даана) табылып алынды.

Учурда жогорудагы адамдар кармалып, тергөө абагына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости