www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиялык белгилүү пластикалык хирург Микаил Сурер мурдагы күйөөсү тарабынан кулак-мурду кесилген аялдын абалын сурап барды. Бул тууралуу жабырлануучунун сиңдиси Диана Елькен билдирди.

Анын айтымында, дарыгер бычакталган Аселдин келбетин калыбына келтирүү үчүн колунан келген бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонууну убадалаган.

Буга чейин аялга бир нече оор жана кымбат операция жасоо талап кылынары айтылган.

Эске салсак, 20-сентябрда Сокулук районунун Селекция айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 36 жаштагы аялды 39 жаштагы мурунку күйөөсү кулагын, мурдун кесип салган. Буга чейин деле үй-бүлөлүк зомбулук болуп келгени айтылат. Шектүү мурда соттолгон. 

Аталган факт Сокулук районунун ички иштер бөлүмүндө катталып, Кыргыз республикасынын КЖКнын 130-беренеси (денеге оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү эки айга камакка алынды.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости