www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда экстремисттик жана террористтик уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ОИИБинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы (ЭММКАК) тарабынан Жалал-Абад шаарынын аймагында социалдык тармактардын биринде Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний экстремисттик материалдарды таркатып жүргөн жаран боюнча ыкчам маалыматтар алынган.

Бул факты Жалал-Абад ШИИБинин кылмыштырдын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун тургуну 1988-жылы туулган Г.А. кармалып, тиешелүү далил буюмдар алынган. Жүргүзүлгөн соттук дин таануу экспертизасынын корутундусуна ылайык, алынган далил заттар Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «ИШИМ-Ирак», «Шам Ислам Мамлекети» (ИГИЛ) экстремисттик жана террористтик уюмуна тиешелүү материалдар экендиги аныкталган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

 

 

Последние новости