www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи сапка жайгашты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) маалымдайт.

Маалым болгондой, жаңыланган рейтинг Сербияда өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгынан соң жарыяланды.

Бул жыйынтыктын аркасында кыргызстандык балбан 100 миң рейтингдик упайга ээ болуп, 60 килограмм чейинки салмак ченинде биринчи орунду ээледи.

Белгилей кетсек, Сербияда өткөн Дүйнө чемпионатында алтын медаль багындырган спортчулар Айсулуу Тыныбекова жана Акжол Махмудов дагы дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга көтөрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости