www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Зере карындашыбызды кийген жана кийбеген кийимдери үчүн канчалык сындасак да жарашат. Исламга ылайык аял киши уят жерлерин жаап жүрүшү зарыл экендигин Зере да билсе керек. Бирок бүгүн өздөрүн исламий тартиптин «көзөмөлдөөчүсү» катары эсептегендердин Зереге жасап жаткан чабуулу жөнүндө кеп кылабыз.
Алгач Зере чындыкты айтканы үчүн чычалабагыла. Бирөөнүн кийимине эле эмес, көз карашына, жүрүм-турумуна, ички сезимине, жашоо образына кийлигишүү адатка айланган ушул тапта, Зеренин «мага кийлигишпе» деген чыркыроосу жөн жерден чыккан жок. «Өзүбүздүн башыбыздагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөпкө асылып» турган учурдабыз. Өзүбүз туура деп эсептеген «чындыгыбызга» башкаларды байлаганга даяр болгон чактабыз. Араңдаган «акыйкатыбызды» өзгөлөргө таңуулоону адат кылган абалдабыз.
Кыргызстанда элдин баарын өзүнө окшоштурууга аракет кылган динчилдиктин болуусу табигый нерсе эмеспи. «Карга баласын аппагым» дегендей ар ким өзү үйрөнгөн диний түшүнүктү тура деп эсептейт жана башкалардын да өзүндөй болуусун каалайт. Бирок өзүнө окшобогондордорду кемсинтүү, басмырлоо же болбосо мажбурлоо аркылуу бул максатка жетүүгө аракет кылгандар көбөйдү. Ишенбесеңиз Зереден сураңыз.
Зеренин ырынан кийинки талкууну карап көрүп мындай деген суроо узатмакчыбыз сизге: Эмне үчүн коомчулук Зеренин ырын жалгыз гана мусулмандарга «арналгандай» кабыл алып жатат? Ырда айтылгандар «Кайран элим кайда баратабыз?» деген баннер илип элге кандай кийиништи үйрөткөн аткаминерлерге, борбордук аянтта хиджаб кийген кыздардын «бетин ачканы» чыккан азаматтарга, сакалчандын баарын экстремист деп эсептеген эргулдарга да арналган да. Зере арабызда жоолукчандар болбосун, арабызда сакалчандар болбосун дегендерге каршы да эркиндикти жана сыйды коргоп жатканын эмнеге көрбөйбүз? «Жоолуксуз Кыргызстанды» курууга желтенген «светик радикалдар» да «кыздан» сабак алышы керек да.
Жарандарыбыз сынды тура кабыл алууну үйрөнүшү керек. Исламдын жолуна түштүм деген жарандарыбызга айтаарыбыз, Зерени бутага алгандан көрө Зереге окшогондорду өздөрүңөрдүн катарыңарга кошконго аракет кылгыла. Өз укугун билбеген, эркиндигин коргой албаган мусулман аялдардын саны өсүп жаткан ушул учурда мусулмандардын укугу менен эркиндиги үчүн күрөш жүргүзө турган Зерелерге муктаждык бар. Аялдар күйөөсүн ыраазы кылбаса бейишке кирбейт делип, эркектерге аялдардын ыраазычылыгы жок эле бейишке жолдомо берилип жаткан ушул чакта аялдардын укуктарын коргогон жана колдогон Зерелердин чыгуусу шарт. Зеренин ич кийими өзүнүкү, бирок эркиндик баарыбызга керек.
Исламий илим-билимдин, маданияттын жана тарыхтын калыптанышына Зереге окшоп догматизмге каршы сын айтып чыккан адамдардын салымы чоң болгон. Исламды элге жеткирип атам деп тескерисинче исламофобияны ойготуп алып жаткан мусулман боордошторубуз эмнени туура эмес жасап жатабыз деп ойлонуп койгону дурус болот.
Исламды орто кылымдагыдай түшүнгөнүбүздү көргөн 21-кылымдын жаштары исламдан же баш тартып жатышат же болбосо аргасыздан мусулман болумуш болуп атышат. Эмне үчүн азыркы жаштар өздөрүн «үлгүлүү мусулман» катары эсептеген мусулмандардан үлгү албай жатышат? 21-кылым менен чогуу келген адеп-ахлактык кризиске «мындай кыл сен», «андай кылба» деген сөздөрдөн башка исламий жооп таба алдыкпы? Эмне үчүн андай дебеш керек экенин, эмне үчүн андай кылбаш керек экенин түшүндүрбөстөн токмокту көрсөтүү аркылуу туура жолго чакырды беле Пайгамбар? Пайгамбардын доорундай кийингенге аракет кылган менен эмне үчүн Курандын «динде мажбурлоо жок» деген буйругун Пайгамбардын доорундагыдай түшүнгөнгө аракет кылбайбыз? Андыктан Зереге окшогондорду коркутуп үркүтүү аркылуу эмес, же болбосо догматизмди таңуулоо аркылуу эмес, диндин маани маңызын түшүндүрүү, сүйдүрүү аркылуу исламий баалуулуктарга чакыруу абзел.
Зерени опузалагандарды кой деп койбогон шейхтерибиз кийинкисинде Зереге окшогондордун ташбараңга алынышын токтото албайт. Мухаммед пайгамбар Таиф шаарында ташбараңга алынганда мусулмандар кандай сөз эркиндигине муктаж болсо, азыр да ошондой эле муктаж. Себеби өлкөбүздө сөз эркиндигинин болуусу биринчи кезекте элибиздин көпчүлүгүн түзгөн мусулмандардын исламды үгүттөй алуусуна мүмкүнчүлүк берет.
Булак: NazarNews.kg