www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бурул Карыбекова — Ош облусунун Өзгөн районундагы активдүү органикалык өсүмдүктөрдү өстүргөн дыйкандардын бири. Ал жалпы аянты 3 гектарды түзгөн заманбап күнөскананы иштетет, анда ар кандай жашылча-жемиштер жана тропикалык мөмө-жемиштер өстүрүлөт.
Фермердин чарбасынын өзгөчөлүгү — калибрленбеген помидорлорду текке кетирбей, өзүнүн чакан цехинде кайра иштетип, даамдуу жана табигый аджика приправасын чыгарат. Бул — калдыктарды пайдага айлантуунун эң мыкты мисалы!

Кыргызстан жыл сайын 67 миң тоннадан ашык тропикалык мөмө-жемиштерди импорттойт. Бирок Бурул Карыбекова аларды өзүнүн жеринде өз күчү менен өстүрүүдө.
Анын тажрыйбасы — бул жергиликтүү демилгелер жана фермерлердин билими импортко болгон көз карандылыкты азайтып, өлкөнү таза, сапаттуу азыктар менен камсыздоого жардам бере аларын көрсөтүп турат.
Карыбекова жергиликтүү фермерлерди колдоп, өзүбүздүн тропикалык мөмөлөрдү өстүрүп, кайра иштетип, туруктуу жана дени сак келечекти бирге курууга чакырат.
Чарба тууралуу жана кызматташуу боюнча кеңири маалымат алуу үчүн байланыш телефону: +996 708 320 820
Булак: NazarNews