www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөн районунда электр тармактары ишканасынын кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуртуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районунун Кара-Дыйкан айылынын тургуну Н.С. райондун прокуратурасына арыз менен кайрылып, анда райондук электр тармактары ишканасынын (РЭС) кызматкерлери электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн негизсиз акт түзүшүп, укук бузуу боюнча жазадан бошотуу үчүн пара талап кылып жатканын билдирген.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө аракеттеринин жыйынтыгында райондук электр тармактары ишканасынын кызматкери Р.А.Т. арыз ээси Н.С. аттуу жарандан опузалап талап кылган акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (“Опузалап пара алуу") менен кылмыш иш козголгон.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости