www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул маалымат тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеӊеште КР Өкмөтү менен Түркия Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек шаарында мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле кыргыз жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркияда билим алуусу жөнүндө макулдашуу жөнүндө ратификациялык мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин айтымында, макулдашуунун алкагында Бишкек шаарында ачыла турган кыргыз-түрк ооруканасын эки тарап 3 жыл биргелешип башкарат, андан кийин аны башкаруу укугу кыргыз тарапка биротоло өткөрүлүп берилет. Өткөрүлүп берилгенден кийинки 3 жыл аралыгында Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан мониторинг жана координациялоо жумуштары жасалып турат. Медициналык мекемеде жарандарга кызмат көрсөтө турган 72 жатак орун болот.

Макулдашууда мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын башкаруудагы жана каржылоодогу жаңы принциптер менен программаларды өткөрүп берүү, жыл сайын 20 кыргыз дарыгерин Түркияда окутуу мүмкүнчүлүгү да каралган. Стипендиант-студенттер Ченөө, тандоо, жайгаштыруу борбору тарабынан тандалып, алардын саны эки тараптын ортосунда сүйлөшүлгөн кошумча келишимдердин негизинде аныкталмакчы.

Андан тышкары, Түркия эки тараптуу келишимде камтылган чараларды ишке ашыруу максатында, кошумча 15 млн доллар көлөмүндө гранттык каражат бөлө турганы белгилүү болду. Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин айтымында, кыргыз-түрк ооруканасында иштеген түрк адистери менен кыргыз дарыгерлеринин эмгек акысы жогору болот.

Ушу тапта кыргыз-түрк ооруканасынын курулушу аяктап калганы, зарыл болгон заманбап медициналык жабуулар келип жатканы, үчүнчү деӊгээлдеги заманбап оорукана ушул жылдын ичинде ачыла турганы белгилүү болду. Ошондон улам, келишимди ратификациялоо жол-жоболорун тездетүү зарыл, анткени ал жакын арада түрк парламенти тарабынан да ратификацияланууга тийиш.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости