www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Билдирүүгө караганда,Баткен районунун Актатыр айыл аймагында 25-май күнү саат 17:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Актатыр айылында 3 турак үйдүн ичине жана 19 турак үйдүн короолоруна сел суулары кирген. Андан сырткары 200 метр ички чарбалык жолду кум шагылга толтурган. Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 282-чакырымында сел агып өтүүчү сайда бараткан 3 жеңил унааны сел агызып кеткен.Жабыркагандар жок.

Самаркандек айыл аймагында 25-май күнү саат 17:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Самаркандек айылында 3 турак үйгө сел суулары кирген. 1 курулуш материалдарын сатуучу дүкөндүн короосуна сел суулары кирип, ичиндеги тактайларды жана дүкөндүн алдында турган 1 жеңил унааны агызып кеткен. 1 электр мамысынын астын сел суусу жууп, кыйшайтып калган.

Сел жүргөн айылдарга КР ӨКМнин Баткен облустук башкармалыгынын башчысы башчылыгында түзүлгөн ыкчам топ жана айыл аймактык Жарандык коргонуу комиссиясы аталган аймакка барышкан.

Жеринде текшерип, иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Текшерүү уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости