www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда жабылып жаткан медициналык окуу жайлардын студенттеринин келечеги тууралуу суроого саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 11-мартта радионун эфиринде жооп берди.
Министрдин айтымында, студенттер арызынын негизинде Кыргызстанда калса болот. Алар аккредиттелген университеттерден билим алышат.
«Мен 3 университеттин — Ж.Баласагын атындагы КУУ, ОшМУ, И.Ахунбаев атындагы Медициналык академиянын ректорлору менен сүйлөштүм. Биз механизм иштеп чыктык. Жабылып жаткан университеттердин студенттери бул университеттерге которулат», - деди министр.
Ал чет өлкөлүк студенттер менен сүйлөшкөнүн да кошумчалады. «Алар абдан сүйүнүп жатышат, ата-энелери дагы. Мамлекеттик жогорку окуу жайларда келишим акы да төмөнүрөөк», - деди А.Бейшеналиев.
25-февралдагы расмий маалымат боюнча, Саламаттыкты сактоо министрлиги 12 жеке менчик медициналык окуу жайдын №6 формасы белгиленген стандарттарга жооп бербегендиктен жокко чыгарды. №6 форманы берүү (клиникалык базанын жана медициналык жабдуулардын болушу) саламаттыкты сактоо боюнча ыйгарым укуктуу орган, башкача айтканда, саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин эксперттик комиссиясы материалдыктехникалык базалардын жана медициналык жабдуулардын саламаттыкты сактоо тармагындагы медициналык жана фармацевтикалык билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензиялык талаптарга ылайык келүү деңгээлине баа берет.
2021-жылы эксперттик комиссия текшерүү жүргүзүп, анда клиникалык жайларды белгиленген стандарттарга ылайык колдонууда карама-каршылыктар аныкталган. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы боюнча 12 жеке менчик медициналык окуу жайдын клиникалык мекемелерин пайдалануусу белгиленген стандарттарга жооп бербегендиктен №6 формасы жокко чыгарылды. Дагы 5 жеке менчик медициналык билим берүү уюмдарында 15-мартка чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин комиссиясы клиникалык базаларды пайдалануусуна талдоо жүргүзүп, тыянак чыгарат. №6 форма жокко чыгарыла турган медициналык билим берүү уюмдарынын тизмеси:
1. Бишкек финансы-экономикалык академиясы (АДАМ университети);
2.Кыргызстан эл аралык университетинин Окуу илимий-өндүрүштүк комплекси;
3. «Авиценна» эл аралык медицина университети;
4. Эл аралык медицина университети;
5. «Роэль Метрополитен» университети;
6. «АВС» Академия» ЖЧКсы;
7. Эл аралык медицина жана илим университети;
8. Бишкек эл аралык медицина институту;
9. Илим изилдөө медициналык-санитардык институту;
10. Кыргыз медицина-стоматологиялык институту;
11. Ош эл аралык медицина университети;
12. Эл аралык илим жана бизнес университети.
Текшерүү жүрүп жаткан медициналык окуу жайлар:
1. Эл аралык «Ала-Тоо» университети;
2. Саткынбай Тентишев атындагы Азия медициналык институту;
3. Эл аралык жогорку медицина мектеби;
4. «Салымбеков университети»;
5. ЕУ эл аралык медицина университети.
Булак: NazarNews.kg