www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жай айындагы пайдалуу жемиштер

Кыш жана жаз айларында организмден азайган витаминдерди калыбына келтирүү үчүн эң сонун учур келди. Учурда базарларда дээрлик бардык эле жашылча- жер- жемиштерди табууга болот. Андыктан организмди витамин менен камсыздап, ден- соолугуңузду чыңдаңыз жана төмөндөгү азыктарды сөзсүз тамак- ашыңызга колдонуп жеңиз.

Спаржа.

Спаржа пайдалуу жана даамдуу жашылча, айрыкча салаттын даамын арттырат. Диеталык азыкка кирет. Курамында 4 ккал бар жана фолиевой, калий заттарына бай келет. Негизинен май айынан баштап өсүп, сатыкка чыга баштайт. Бирок, азыр деле кеч эмес.

Кулпунай.

Жай айынын башталышын кулпунайсыз элестетүү мүмкүн эмес. Курамында көптөгөн пайдалуу витаминдер жана минералдар бар. Аз кандуулук менен жабыркагандарга, жүрөк- кан- тамыр оруларына жана кош бойлуу айымдарга пайдасы чоң. Түйүлдүктүн толук кандуу өсүп- өнүгүшүнө абдан жакшы таасирин тийгизет. Мындан сырткары, курамындагы Е витамини сулуулук витамини деп аталат.

Демек, айымдардын сулуулугуна да кам көрөт. Теринин өңүн жакшыртып, тырмактарды бекемдейт, чачтын түшүшүн токтотот, кээ бир онкологиялык оорулардын алдын алат.

Бирок, аллергиясы барлар абайлап, аз- аздан кабыл алуулары керек.

Дарбыз

Жай айынан ортосун дарбыздын убагы болуп эсептелет. Организмди токсин, шлак жана зыяндуу заттардан тазалайт. Нерв системаларын калыпка салып, тамак сиңирүүнү жакшыртат. Курамында жез дагы бар. Андыктан аз кандуудук менен жабыркагандар үчүн пайдалуу. Ашыкча салмактан арылтууга эң жакшы азык.

Шпинат

Шпинатты июнь айынан баштап жей берсе болот. анын курамында белок көп. Бойду өстүрүп, булчуңдарды чыңдайт. Андыктан салатка көп кошуңуз. Тоңдургучка салып коюп узак убакыт колдонсоңуз болот, муздакка чыдамдуу келет. Жашыл жалбырак салат Курамындагы магний заты нерв жана булчуң системаларынын жакшы иштешине өбөлгө түзөт. Органзимдеги зыяндуу заттарды толугу менен сүрүп чыгара турган касиетке ээ.

Коон

Коондо аскорбин кислотасы бар, ал организмди сасык тумоодон сактап, иммунитетти чындайт.

Булак: "Айымдарга кеңеш"

Последние новости