www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылы КТРКга жарнамадан 58 миллион сом түшкөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүн, 10-июндагы отурумунда телеканалдын башкы директору Жайнак Үсөн уулу билдирди.

Башкы директордун айтымында, корпорация бир телеканалды алып көрсөтүү (ретрансляция) үчүн 25 млн сом төлөйт.

Депутат Дастан Бекешев Россиянын Биринчи каналы (ОРТ) менен РТР телеканалын көрсөтүү үчүн коомдук телерадиокорпорациясы 50 млн сом төлөй турганын айтты.

«Рекламадан 58 млн сом алып, ошол эле учурда ОРТ менен РТР каналдарынын ретрансляциясы үчүн 25 млн сомдон төлөйсүңөр. Бул маселени кайра карап чыгуу керек, алар силерге төлөсүн. Башка каналдар силерге төлөшү керек», - деди депутат.

Үсөн уулунун айтымында, аталган каналдар абдан популярдуу. Рейтинги жогору болгондуктан жарнама берүүчүлөр жарнаманы бул каналдарга жайгаштырууну каалашат.

Эске салсак бүгүн Парламентте КТРКнын Байкоочу кеңешинин телеканалдын 2019-жылдагы иши боюнча отчету каралды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости